Бишкек менен Чүйдү газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо долбоору ишке кирди
- 1 год мурун
Энергетика министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан реформанын алкагында «Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо – 3» долбоору башталды.
Долбоордун максаты – калкка жана ишкерлик субъекттерине жеткиликтүү шарттарда насыя берип, газ от казандарын жана тиешелүү материалдарды сатып алууга, ошондой эле турак жайларды жана коммерциялык объекттерди газга туташтырууга көмөктөшүү.
Насыялар 2025-жылдын ичинде «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» аркылуу берилет. Каржылоонун шарттары төмөндөгүчө:
- Суммасы – 150 миң сомго чейин,
- Мөөнөтү – 12 ай, 24 ай,
- Күрөөсүз,
- Акыркы пайыздык коюму: 3 жылдык пайыз.
Долбоордун жалпы бюджети 200 миллион сомду түзөт. Каржылоонун алкагында газ менен жылытуучу системаларды орнотуу, керектелүүчү материалдарды сатып алуу жана курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү каралган. Насыялар жеке жактарга, жеке ишкерлерге жана юридикалык жактарга берилет.




