Бишкек: Кореядан келген дарыгерлер жарандарды акысыз кабыл алууда

  • 1 год мурун

 17-18-июлда Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда Кореядан келген дарыгерлер жарандарды акысыз кароодон өткөрүп, консультация беришүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинеин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарандарды акысыз кабыл алуу жана кеңеш берүү «СеулАсан» кайрымдуулук фондунун демилгеси менен КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулду. Учурда Улуттук госпиталдын базасында «СеулАсан» ооруканасынын (Түштүк Корея) дарыгерлери жарандарды кабыл алып, акысыз консультация беришүүдө.

«Каалоочулар ЛОР дарыгери, педиатр, кардиолог, окулист, гастроэнтеролог, терапевт, кардиолог, аллерголог, стоматолог жана башка адистерден кеңеш ала алышат», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, кабыл алуу Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасынын имаратында жүргүзүлүп, кыргызстандык дарыгерлер кореядан келген адистер менен тажрыйба алмашуу максатында бирге иш алып барышууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты