Бишкек эл аралык кино фестивалы расмий старт алды

  • 8 месяцев мурун

Фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи кино индустрия тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн “Асман” килеминен өтүүсү менен башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, чет элден келген коноктор атап айтканда, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран, Түркия, Канада, Италия, Франция, Сербия, Индия, Орусия-Тоолуу Алай, Корея, Япония, Германия, Тунис, Эстония, Грузия, Америка Кошмо Штаты, Венгрия, Кытай, Вьетнам, Швецария жана башка өлкөлөрдүн белгилүү кино ишмерлери жана жергиликтүү кино ишмерлери ошондой эле кеңири коомчулук катышты.

Аземди министр Алтынбек Максутов ачты.Сынактын калыстар тобуна дүйнө кино өндүрүшүндө белгилүү ысымдардан Семих Капланоглу, Филипп Чеа, Елена Дулгеру, Пак Сон Ён жана Гүлсара Ажыбекова сындуу кино тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрү кирди. Фестивалга Ч.Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” тасмасында башкы каарман катары тартылган актриса Түркан Шорай сыйлуу конок катары чакырылган.Белгилесек, фестиваль, президенттин 2022-жылынын 20-майындагы “Улуттук киноиндустрияны өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо системасын мындан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгынын негизинде уюштурулуп, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналып өткөрүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты