Бишкек экинчи эл аралык кинофестивалдын алкагында Иран киносунун жумалыгы башталат
- 11 месяцев мурун
Бүгүн, 12- июнда Бишкек экинчи эл аралык кинофестивалдын алкагында Иран киносунун жумалыгы башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жумалыктын ачылышы 12- июнь күнү саат 13:00 Бродвей (Азия Молл) кино театрында башталат.
Иш-чаранын алкагында Ирандык режиссерлордун 5 тасмасы көрүүчүлөргө акысыз көрсөтүлөт.
12 июнь:
-13:30 — «Алдын ала келишим жок» (2022), режиссер Бехруз Шоайби;
13 июнь:
- 10:30 — «Капитан» (2023), режиссер Мохаммад Хамзеи;
- 13: 00 — «Факультеттеги экинчи курсум» (2019), режиссер Расул Садыр Амели;
14 июнь: - 10: 30-» Дельфин бала » анимациялык тасмасы (2022), режиссеру Мохаммад Хейрандиш, Андрей Гоголев;
- 13: 30 — «Кыздар тобу» (2022), режиссер Монир Гейди.
Тасмалар Asia Moll соода борборундагы Бродвей кинотеатрында көрсөтүлөт.
Муну бөлүшүү