«Бишкек» ЭЭАнын башкы директору Кудрет Тайчабаровдун кызматтык телефону тендерсиз алынганы чын (Фактчекинг)

1-августта жарандык активист Атай Бейшенбек “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) башкы директору Кудрет Тайчабаров ишкананын эсебинен 110 миң сомго уюлдук телефон (iPhone 12 Pro Max) жана 2 млн сомдон ашык каражатка автоунаа (Тойота Ланд Крузер 200) алганы тууралуу Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Социалдык тармактын колдонуучулары Тайчабаров уюлдук телефонду тендерсиз алганын айтып, сындашууда.

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматтарды текшерип көрдү.

Тендерсиз алынган уюлдук телефон

Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин сайтындагы маалыматка ылайык, “Бишкек” эркин экономикалык аймагы 2020-жылдын октябрында Улуттук көргөзмө борборуна товар сатып алуу үчүн үч жолу тендер жарыялап, кайра үч жолу тең жокко чыгарган. Мындан тышкары, сайтта андан мурдагы жылдары ЭЭАга караштуу имараттарды оңдоо үчүн беш жолу тендер жарыяланганы көрсөтүлгөн. Ал эми уюлдук телефон алуу үчүн сынак жарыяланганы тууралуу маалымат жарыяланган эмес.

"Бишкек" ЭЭАнын башкы директору Кудрет Тайчабаровдун кызматтык телефону тендерсиз алынганы чын (Фактчекинг)

“Бишкек” ЭЭАнын башкы директору Кудрет Тайчабаровго блогерлердин билдирүүсү боюнча комментарий алуу үчүн байланышканыбызда, ал сөз болуп жаткан уюлдук телефон тендерсиз алынганын тастыктады. Анын айтымында, талкууга алынган смартфондор мурдагы жетекчиликтин тушунда сатылып алынган. 

“Телефон боюнча, ал кызматтык телефон болуп эсептелет. Андай телефондон төртөө-бешөө бар. Алар мурда алынган телефондор. Мурдагы жетекчилик колдонуп жүргөндөрү дагы бар. Алар жумуштан кеткенде артынан доолап жүрүп алып калганбыз”, — деди ал.

Тайчабаров “Бишкек” ЭЭА мамлекеттик бюджетке кирбегендиктен, Бюджеттик кодекс аларга таасир этпей турганын кошумчалады. Андыктан буга чейинки сатып алуулардын көбү тендерсиз эле өтүп келген.

Ал эми блогерлер айтып жаткан автоунаа ишкананын эсебинен алынбаганын билдирди. Ал унаа “БиСталь” ишканасы ижара акысын төлөй албай калгандыктан, ЭЭАнын балансына өткөн. 

“Бир гана машина эмес, имараттарды дагы ошентип баалап, өткөрүп алабыз, эгер [ишкана] карызын төлөй албаса. Кээ бир субъекттер орноткон трансформатор, подстанция, колдонгон жабдыктарын өткөрүп беришет. Ал эми сот менен чечилсе, сот аткаруучу келип, баарын баалап өткөрүп берет. Бул мыйзамдуу эле нерсе”, — деп билдирди Кудрет Тайчабаров.

Сөз болуп жаткан уюлдук телефон Тайчабаров кызматка дайындалардан бир күн мурун сатыкка чыккан

Кудрет Тайчабаров 2020-жылдын 14-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы директору болуп дайындалган. Ал эми талкууга түшкөн iPhone 12 Pro Max смартфону 2020-жылдын 13-ноябрында сатыкка коюлган. Тактап айтканда, Тайчабаров мурдагы жетекчилик сатып алган деген уюлдук телефон ал кызматка дайындалардан бир күн мурун сатыкка чыккан.

Apple компаниясынын расмий сайтында аталган смартфондун баасы эс-тутумуна жараша 99 990 рублдан 109 990 рублга чейин болору жазылган.

"Бишкек" ЭЭАнын башкы директору Кудрет Тайчабаровдун кызматтык телефону тендерсиз алынганы чын (Фактчекинг)

Жыйынтык: “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы директору Кудрет Тайчабаровдун кызматтык телефону делген iPhone 12 Pro Max тендерсиз алынганы чын. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты