“Бишкек” ЭЭАнын башкы директору Кудрет Тайчабаров журналисттерди сотко берди

  • 2 года мурун

“Бишкек” ЭЭАнын башкы директору Кудрет Тайчабаров үч басылманы, “Азия ньюс” , “Назар ньюс” жана Gezitter.org сайттарын сотко берди. Бул тууралуу ал 24.kgге билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган ММКлар өз басылмаларында жакын арада ага карата кылмыш иши козголо тургандыгы тууралуу жалган маалыматтарды жазып чыгышкан.

«Басылмалар мени түрмөгө камайт деп жазып чыгышкан. Буга ага эч кандай себеп жок болчу, мени суракка чакырышкан жок. “Бишкек” ЭЭА УКМКнын кызматкерлери тарабынан тынымсыз текшерилип турат. Бул жаңылыктардан кийин кан басымым көтөрүлүп, реанимацияга жатып калдым. Моралдык зыяндын өлчөмүн сот аныктайт, бирок мен 50 миллион сом компенсация өндүрүп берүүнү суранып жатканымды айттым», — деп билдирди Кудрет Тайчабаров.

ЭЭАнын жетекчиси басылмаларда алардын юридикалык дареги көрсөтүлбөгөндүктөн сот отурумунун күнү белгилене электигин белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты