Бишкек-Баткен-Бишкек авиакаттамы 7-февралдан тартып кайра иштей баштайт

  • 1 год мурун

Бишкек-Баткен-Бишкек авиакаттамы 7-февралдан тартып кайра иштей баштайт .Бул тууралуу бүгүн, 31-январда “Манас” эл аралык аэропорту билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, «Тез Жет» авиакомпаниясы Бишкектен Баткенге аптасына бир жолу – ар шейшемби сайын каттап турат.

«Баткен» аэропорту былтыр 1-августта аэродромдогу оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу убактылуу жабылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты