Бишкек – Балыкчы багытындагы жүргүнчү поездине өспүрүмдөрдүн таш ыргытканы аныкталды
- 2 месяца мурун
- Жаңылыктар
Бишкек – Балыкчы багытындагы жүргүнчү поездине өспүрүмдөрдүн таш ыргытканы аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы маалымдады.
Маалыматка ылайык, окуя 27-июлда Ысык-Ата районунда катталып, поезддин бир нече вагонунун терезелери жабыркаган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул аракетке Новопокровка айылынын тургундары — 2007-жылы туулган К.А., 2011-жылы туулган Ж.А. жана 2009-жылы туулган С.Б. тиешеси бар экени аныкталып, алар күнөөсүн моюнга алышкан.Учурда аталган факты боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, алардын аракеттерине мыйзам чегинде укуктук баа берилери белгиленди.
Муну бөлүшүү




