Бишкек–Балыкчы багытындагы  поезди белгисиз адамдар таш менен урган

Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы Бишкек–Балыкчы багытындагы жүргүнчү поездге таш ыргытылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 27-июлда саат 22:54 чамасында №609 Балыкчы–Бишкек-2 каттамындагы поезд Новопокровка айылынан чыгып бара жаткан учурда болгон. Белгисиз адамдар жүрүп бараткан поездди эки тарабынан таш менен ургулашкан.

Натыйжада бир нече вагондун терезелери жабыркап, алардын бири сынып, таш вагондун ичине кирген. Окуя жүргүнчүлөрдүн жана поезд кызматкерлеринин коопсуздугуна коркунуч жараткан.

Компания билдиргендей, темир жол кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында бузулган терезелер кыска мөөнөттө алмаштырылган. Келтирилген материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Учурда окуя боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты