Бишкек — Балыкчы багытындагы поезд 17-июлдан тарта күн сайын каттай баштайт

  • 1 год мурун

17-июлдан тарта «Бишкек-2 – Балыкчы» багытындагы жүргүнчү поезди күн сайын каттай баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан маалымдашты.

Поезд мындай график 31-августка чейин жүрөт:

№ 608 «Бишкек-2 — Балыкчы» поезди «Бишкек-2» бекетинен саат 07:40та чыгып, «Балыкчы» бекетине саат 11:46да жетет.

№ 609 «Балыкчы – Бишкек-2» поезди «Балыкчы» бекетинен саат 17:48де чыгып, «Бишкек-2» бекетине 21:54дө келет.

Билет баасы жөнөкөй вагон чоң адамдарга 150 сом, жаш балдарга 73 сом; люкс вагон чоң адамдарга 500 сом, жаш балдарга 250 сом.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты