“Бишкек асфальтсервистин” кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

  • 1 год мурун

Башкы прокуратура “Бишкек асфальтсервис” муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же которуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, Бишкек шаарынын прокуратурасы жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 2019-2020-жылдар аралыгында Бишкек мэриясынын жана “Бишкек асфальтсервистин” жооптуу кызмат адамдары конкурс өткөрбөстөн жана тиешелүү документтери жок туруп үчүнчү жактын эсебине 7 млн 624 миң 319 сомду мыйзамсыз которуу менен өндүрүп алышканы аныкталган.

Аталган факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же которуу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты