Бишкек-Анкара-Бишкек багыты боюнча түз аба каттамы ачылды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 3-июнда AnadoluJet авиакомпаниясынын Анкара–Бишкек–Анкара багыты боюнча биринчи түз каттамы келип конду. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Эми жүргүнчүлөр Түркиянын борборуна Кыргызстандын борборунан түз уча алышат.

Turkish Airlines авиакомпаниясынын башкы директору О.Шафак Күчүкчолактын айтымында, августка чейин Бишкек-Анкара-Бишкек багыты боюнча жумасына 4 жолу каттам уюштурулат. Августтан тартып күн сайын уча баштайт.

Учуунун убактысы 4 саат 30 мүнөттү түзөт.

Белгилей кетсек, AnadoluJet Turkish Airlines авиакомпаниясынын туунду компаниясы.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты