Бишкек: Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери 4 миң доллар пара менен кармалды

  • 12 месяцев мурун

11-августта Айыл чарба министрлигинен караштуу Жер-суу көзөмөл кызматынын Чүй-Бишкек аймактар аралык башкармалыгынын жетекчилери пара менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 10-августта ИИМдин Тергөө кызматына О.С. атуу жаран кайрылып, Жер-суу көзөмөл кызматынын Чүй-Бишкек региондор аралык башкармалыгынын жетекчилери маселени оң жагына чечүү үчүн опузалоо менен акча талап кылып жатканын билдирген.

Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, кылмыштырдын бирдиктүү рэестирине катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин «Опузалап пара алуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

11-августта Разаков-Киев көчөлөрүнүн кесилишинен 4 миң доллары өлчөмүндө акча каражаты алынып жаткан жеринен Чүй-Бишкек региондор аралык жер суукөзөмөл кызматынын башкармалыгынын башчысы Д.Р жана бөлүм башчысы М.Ш. кармалды.

Бишкек: Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери 4 миң доллар пара менен кармалды #91500
Бишкек: Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери 4 миң доллар пара менен кармалды #91501
Бишкек: Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери 4 миң доллар пара менен кармалды #91502
Бишкек: Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери 4 миң доллар пара менен кармалды #91500 (preview)Бишкек: Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери 4 миң доллар пара менен кармалды #91501 (preview)Бишкек: Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери 4 миң доллар пара менен кармалды #91502 (preview)

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты