Бишкек: 1-февралдан тарта жаңы автобус каттамдары ишке кирет
- 2 года мурун
1-февралдан баштап Бишкекте №145 жана №169 жаңы автобус каттамдары ишке кирет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, буга чейин бул каттамдарда маршруткалар иштеп келген. Эртеңден тарта №145 жана №169 автобустар жүрө баштайт. Аларды «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы тейлейт.
№145 автобус Көк-Жар конушунан Маевка айылына чейин каттайт. У

№169 автобус Ак-Ордо конушунан Шоро компаниясына чейин жүрөт.

Муну бөлүшүү




