Биринчи Май РИИБинин тергөөчүсү кармалды

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте 20 миң сом акча каражатын опузалап талап кылууга шектелген милиция кызматкерин кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын өткөрүштү.

Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүшүндө ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери, УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте опузалоо фактысы боюнча шектүү катары Биринчи май РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсүн А.Ж.  УКМКнын Чүй облусу боюнча тергөө бөлүмүнө  жеткиришти.

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы өз катарларын тазалоо иштерин улантат жана милициядагы колу таза эмес кызматкерлерден, өздөрүнүн мыйзамсыз аракеттери менен ички иштер органдарынын беделин түшүргөн таза эмес кызматкерлерден тазалоодо.

Азыркы учурда коррупцияланган кызматкерлерди аныктоо боюнча бир катар чаралар көрүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты