Биринчи Май РИИБинин ага тергөөчүсү пара менен кармалды

  • 4 недели мурун

Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) ага тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул тууралуу 22-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан 8 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында 20-августта күч органдары тарабынан жогоруда аталган башкармалыктын ГОМ-8 тергөө кызматынын ага тергөөчүсү, милициянын капитаны М.Н.М. 550 миң сом пара алып жаткан учурда кармалган.

Тергөөдө аныкталгандай, Биринчи май РИИБде каралып жаткан кылмыш иши боюнча пара берген жарандын тууганына коюлган айыпты анча оор эмес беренеге өзгөртүү үчүн көрсөтүлгөн акчаны опузалап алгандыгы такталды»,-деп айтылат маалыматта.

Кармалган кызматкер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени белгилүү болду.

Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты