Биринчи Май районунда күйүүчү майды мыйзамсыз сатууга каршы рейд өткөрүлдү

  • 1 год мурун

Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун аймагында күйүүчү майларды мыйзамсыз саткан жарандарды аныктоого багытталган иш-чара жүргүзүлдү. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Рейд Биринчи Май райондук РИИБнин аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү, райондук администрация жана Салык кызматынын өкүлдөрү тарабынан биргелешип уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө мурда бир нече ирет эскертүү алган жарандар кайрадан мыйзамсыз соода менен алектенип жатканы аныкталды. Алар күйүүчү майды уруксатсыз сатууну улантып келишкен. Тиешелүү тартипте алардан күйүүчү майлары алынып, тергөө кызматына жеткирилди. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты