Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалды
- 5 месяцев мурун
ИИМдин Бишкек шаардык күзөт кызматынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн К.у.А. аттуу кызматкери алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал 2025-жылдын сентябрынан декабрь айына чейин жарандарга айдоочулук күбөлүк алып берүүгө жардам берем деп, алдамчылык жолу менен ири суммадагы акча каражатын алган. Белгиленгендей, каражаттар «MBank» мобилдик тиркемеси аркылуу анын жеке реквизиттерине которулган.
2026-жылдын 10-мартында шектүү тергөө органдары тарабынан кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
УКМК айдоочулук күбөлүктү мыйзамдуу негизде гана алуу керектигин эскертип, жарандарды мыйзамсыз аракеттерге барбоого чакырды.




