Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды

  • 11 месяцев мурун

Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМК тарабынан пара талап кылуу жана кылмыштуу чөйрөнү түзүү же ага катышуу фактылары боюнча көрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында опер кызматкери А. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын 5-шаардык бөлүмүнүн кызматкери М.А.М. кармалды.

ИИМдин аталган кызматкери, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте, «Телеграм» жана «Вотсап» социалдык мессенжерлеринде белгилүү чаттарды түзүү жолу аркылуу жарандардан мыйзамсыз түрдө баңги затын алуу боюнча мурда кылмыштуу топтун мүчөсү болгондугу аныкталган.

Мурда белгиленгендей, жогорудагы кызматкерлер, бул мессенджерлерди колдонуу максатында баңги затын сатып алууну көздөгөн адамдарды атайылап кармашкан. Андан соң кылмыш жоопкерчилигине тартуу шылтоосу менен шантаж кылышып, кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуу жолу менен 500дөн 5 миң долларга чейин акча каражатын талап кылышкан.

Кармалган М.А.М. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген. Учурда жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар делинген ИИМдин башка кызматкерлерине карата, кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты