Салык төлөөчүлөрдүн иштөөсүн жеңилдетүү үчүн бирдиктүү салык эсеби иштелип чыкты
- 1 год мурун
Салык төлөөчүлөрдүн ишин жеңилдетүү жана салыктык башкарууну өркүндөтүү максатында Мамлекеттик салык кызматы жеке жактар үчүн бирдиктүү салык эсебин иштеп чыгууда. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Бирдиктүү салык эсеби деген эмне?
Бул салык төлөөчүнүн каражаты сакталуучу виртуалдык салык капчыгы. Төлөөчү бул эсепке каалаган убакта жана каалаган суммада акча каражатын толуктай алат.
Артыкчылыктары:
Бир нече өзүнчө салык жана төлөмдөрдүн ордуна бир эле бирдиктүү төлөм жүргүзүлөт.
Салык кызматы ал түшкөн каражатты салык милдеттенмелерине автоматтык түрдө бөлүштүрөт. Төлөм ИНН жана төлөм суммасы аркылуу жүргүзүлүп, кошумча маалымат талап кылынбайт.
Сиз бирдиктүү салык системасын ар кандай жолдор менен толуктай аласыз. Онлайн (салык төлөөчүнүн эсеби, QR коду эквайринг аркылуу) же банк аркылуу.
Адамдык факторлор жоюлат: төлөмдү кечиктирүү, туура эмес реквизиттерди жазуу же туумдар жана айыптар кошулуп кетүү сыяктуу каталар болбойт.
Пилоттук этапта бирдикттүү салык эсеби төмөнкүлөр үчүн колдонулат:
– Патенттин негизинде ишкердик же эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке жактар;
– Өзгөчө соода режими бар зоналарда иштеген жеке жактар;
– Турак жайга мүлк салыгын төлөө.
Бирдиктүү салык эсебин ишке ашыруу КРнын Президентинин 2025-жылдын 13-февралындагы №46 «Дордой» соода-базар комплексинин базарларында жана кичи базарларында салыктык тескеп-башкаруу боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу жана Бирдиктүү салык эсебин ишке ашыруу жөнүндө» Жарлыгынын алкагында ишке ашырылууда.




