Бир жумада 19 адамдан коронавирус аныкталды

  • 2 года мурун

Бир жумада 19 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Катталган 19 учурдун ичинен 4 бейтап ооруканага жаткырылган, 15и амбулатордук дарыланууда.

7-ноябрдан 14-ноябрга чейин тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар ​​жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

2022-жылдын 10 ай жана 13 күн үчүн жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 736 учуру катталды, анын ичинен 19 миң 728 (90,7 пайыз) учур лабораториялык тастыкталган жана 2008и (9,3 пайыз) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты