Бир суткада өлкөдө 12 өрт кырсыгы катталды

  • 2 года мурун

Бир суткада өлкөдө 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-январб саат 08:00гө карата ӨКМдин өрткө каршы жана куткаруу кызматтары боюнча
сутка ичинде республиканын аймагында 12 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 13 күжүрмөн эсеп тартылган.
Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 2, Талас облусунда 1, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Куткаруу кызматтары тарабынан 5 чыгуу болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты