Бир сутка ичинде 76 мас абалында унаа башкарган айдоочу аныкталды
- 5 месяцев мурун
Өлкө аймагында жол кырсыктарын алдын алуу максатында «Рулда» аталышындагы рейд өтүп жатат.
Маалыматына ылайык, 2026-жылдын 3-январынан 4-январына чейинки бир сутка ичинде спирт ичимдигин ичип алып унаа башкарган 76 айдоочу аныкталган. Ошондой эле айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган 89 учур катталган.
Рейддин жүрүшүндө жалпысынан 580 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү административдик чаралар көрүлүп, айдоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Муну бөлүшүү




