Бир сутка ичинде 7 өрт кырсыгы катталды
- 2 года мурун
Бир сутка ичинде 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө 7 бөлүм тартылган. Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2,Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон (1 адамды ашуудан түшүрүү,1 эшик ачуу).
Муну бөлүшүү