“Бир сантиметр жер сатылбайт». Жапаров чет элдик инвесторлорго жер убактылуу гана берилерин айтты
- 3 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров 21-июлда өзүнүн Фейсбук баракчасында жер маселеси, тышкы карыз, чет өлкөлүк туристтер жана энергетика боюнча коомчулукта жаралган талкууларга жооп берди.
Анын айтымында, чек араларды тактоодон кийин Кыргызстандын аймагы 15 миң гектардан ашык кеңейип, жалпы аянты 20 миллион гектардан ашты. Президент инвестициялык долбоорлор үчүн берилген жерлер өлкөнүн аймагынын 0,1 пайызынан да аз экенин белгилеп, «жер сатылып жатат» деген маалыматтарды четке какты.
Мамлекет башчысы акыркы жылдары айрым инвесторлор жерди узак мөөнөткө ижарага алып, бирок милдеттенмелерин аткарбай келген учурлар аныкталганын айтты.
“Тескерисинче, жерлерди 49 жылга ижарага алып алышып, бүгүнкү күнгө чейин эч нерсе курбай пайдалануу укугун колдон колго сатып же жерди башка багытка буруп колдонгондор көп болуп чыкканын акыркы беш жылда аныктадык. Ошондуктан ушундай жерлерди жөнгө салуу үчүн бул мыйзамды кайра карап чыгуу сунушталып жатат.
Биринчиден, жерди кайсы багытка алса ошол багытта колдонсун.
Экинчиден, 49 жылга алган жерди 36 жыл бою эч нерсе курбастан кармап жатпасын же экинчи жактарга сатпасын.
Инвестор өзүнө алган милдеттенмелерин тез аткарууга, белгиленген мөөнөттө объектти курууга, инвестиция салууга жана жумуш орундарын түзүүгө милдеттүү.
Милдеттенмесин аткарбаса, келишим токтотулуп, жер мамлекетке кайтарылып, тез кура турган инвесторго берилет”, — деди Жапаров.
Ал белгилегендей, эми инвесторлорго коюлган талаптар күчөтүлүп, жерди максаттуу пайдалануу катуу көзөмөлдөнөт. Милдеттенмелер аткарылбаса, жер кайра мамлекетке кайтарылат.
“Кыргызстандын бир сантиметр дагы жери башка мамлекетке өтпөйт.
Бирок Кыргызстандын ар бир метри элибиздин бакубат жашоосу жана мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн иштеши керек.
Ушул жерден бул маселе боюнча чекит коёлу.
Бизге бүгүн куру дүрбөлөң эмес, заводдор, жумуш орундары, инвестиция жана күчтүү экономика керек”, — деди өлкө башчы.
Президент инвестиция өлкөнүн өнүгүшү үчүн маанилүү экенин белгилеп, жарандарды жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.
Мындан тышкары, ал айыл жергесинде турак жай маселеси курч экенин айтып, жер тилкелери жетишсиз болгондуктан, көп кабаттуу үйлөрдү куруу саясаты ишке ашырыла баштаганын кошумчалады.
Сүрөт: Интернет булактарынан




