Бир миллион сом жана батир: Акылбек Жапаров 2021-жылы канча киреше тапкан?

  • 2 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 2021-жылда тапкан кирешелери жана ээлик кылган мүлктөрү тууралуу декларацияларын жарыялады.

Андагы маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2021-жылы 1 миллион 471 сом киреше тапкан. Өкмөт башчысы 77,5 чарчы метр батирге ээлик кылат.

Салык кызматы жарыялаган документте Акылбек Жапаровдун жакын туугандарынын кирешеси жана мүлктөрү көрсөтүлгөн эмес.

Акылбек Жапаров 2021-жылдын 13-октябрында министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалган. Ага чейин төрт ай экономика жана финансы министри кызматын аркалаган.

Белгилей кетсек, буга чейин «ПолитКлиника» медиасы Мальтадагы оффшордук компаниялар менен Акылбек Жапаровдун жакындарынын байланышын аныктаган иликтөө жарыялаган.

Андагы маалыматтарга ылайык, Бишкектеги төрт жылдыздуу “Дамас” мейманканасына ээлик кылган “Глобалико Холдингс лимитед” компаниясы, МИС ААКсынын 98% акциясына ээлик кылган “Евразия кэпитал лимитед” жана “Альфа Троникс лимитед” компаниялары оффшордук аймак болуп саналган Мальтага катталган.

Бул компаниялардын баары бир дарекке катталган жана баарына мальталык дагы бир компания “Перфин сервис лимитед” ээлик кылат. Бул компаниялардын Кыргызстандагы филиалдарынын баарын Акылбек Жапаровдун адамдары башкарат.

Бир миллион сом жана батир: Акылбек Жапаров 2021-жылы канча киреше тапкан?
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты