Бир мандаттуу округдан талапкер шайлоого катышуудан баш тартты  

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясына  №4 Көк-Жар шайлоо округунан Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкер Талас Калматов шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы түшкөн.  

Бул тууралуу БШКнын маалыматтык бөлүмү кабарлады.

БШК арызды канаттандыруу чечимин кабыл алды.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты