Бир катар жергиликтүү соттордун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров бир катар жергиликтүү соттордун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Конституциянын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 96-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана 31-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин тартип жазасын колдонуу жөнүндө сунушу боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Туражанова Жамиля Асадуллаевнанын жана Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясы  Каримбеков Ниматилла Исмаиловичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Алар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызматынан судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу бошотулду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты