Бир катар мамлекеттин башчылары кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

  • 1 год мурун

Бүгүн, 21-апрель Орозо айт майрамына карата бир канча өлкөнүн жетекчилери кыргызстандыктарга жана мамлекет башчысы Садыр Жапаровго куттуктоо жолдошту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Куттуктоо жолдогондор: Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Ирандын президенти Сейед Эбрахим Раиси, Бахрейндин падышасы Хамад бин Иса Аль-Халифа, Иорданиянын падышасы Абдулла II, Палестинанын президенти Махмуд Аббас жана Ислам Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысы Хиссейн Брахим Таха.

Сүрөт: Гулиза Урустамбек кызы

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты