Бир катар өлкөнүн башчылары кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

  • 2 года мурун

Кыргызстандын эгемендик алганына 31 жыл толгонуна байланыштуу бир катар өлкөнүн президенттери кыргызстандыктарга куттуктоо жолдоду.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, куттуктоо катын жолдогондордун катарында Орусиянын президенти Владимир Путин, Казакстандын өлкө башсычы Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Азербайжандын лидери Ильхам Алиев, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Кытай Элдик Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин бар.

Бүгүн, 31-августта Кыргызстан көз карандысыздыгынын 31 жылдыгын белгилеп жатат.

Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган.Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты