Бир катар коомдук ишмерлер мамлекет жетекчилерди «Азаттыктын» ишмердигине толук шарт түзүүгө үндөштү

  • 1 год мурун

Бир катар коомдук ишмерлер мамлекет жетекчилерди «Азаттыктын» ишмердигине толук шарт түзүүгө үндөштү. Бул тууралуу «Азаттыктын» сайтына жарыяланды.

Бир катар коомдук ишмерлер мамлекет жетекчилерди "Азаттыктын" ишмердигине толук шарт түзүүгө үндөштү

Маалыматка ылайык, 120га жакын ага кол койгон инсандардын арасында академик Абдыганы Эркебаев, Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев, коомдук ишмерлер Тилектеш Ишемкулов, Роза Айтматова, Эмилбек Каптагаев, Аалы Карашев, Каныбек Иманалиев, Муратбек Мукашев, Абдывахаб Нурбаев, Рыскелди Момбеков, Мирлан Жээнчороев, жазуучу Кален Сыдыкова, төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр, Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Элвира Сурабалдиева, Гуля Кожокулова, Тазабек Икрамов, Дастан Бекешев, Мирлан Самыйкожо, Жалолидин Нурбаев, Сеидбек Атамбаев, Нилуфар Алимжанова, Эмил Токтошев, Винера Раимбачаева жана башкалар бар.

Кайрылууга кол койгондор “Азаттык” өзүнүн дээрлик 70 жылдык тарыхында Кыргызстандын өз алдынча, эгемендикке ээ болушу үчүн советтик системанын тушунда талыкпай күрөшүп, кыргыз элинин кылымдар бою эңсеген эркиндигине жетишине зор салым кошконун, Кыргызстан эгемен, сөз эркиндигин туу туткан мамлекет катары курулушуна, өнүгүшүнө «Азаттык» аркылуу жанын үрөп кызмат кылгандардын башында Азамат Алтай, Төлөмүш Жакып уулу, Аким Өзгөн, Мамашарип Казы, Салижан Жигитов өңдүү мекенчил инсандар турганын белгилешти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты