Бир катар ишканалар менен ишкерлер сыйлыктар менен сыйланышты

  • 2 года мурун

Бүгүн, 1-июлда президент  Садыр Жапаров Салык кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө ата-мекендик ишкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттик администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы кол койду.

Алсак, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоого олуттуу салым кошкондугу үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды:

  «Atalyk Group» («Аталык Групп») жабык акционердик коому;

  «БИОВИТ» жоопкерчилиги чектелген коому;

  «ТЕКСТИЛЬ ТРАНС» (TEXTILE TRANS) жоопкерчилиги чектелген коому.

 Мындан тышкары, Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө, бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга кошкон олуттуу салымы үчүн бир катар ишкерлерге Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан алкыш жарыяланды. Алар:

Эгембердиев Кайрат Таабалдыевич  — «Шоро» жабык акционердик коомунун башкы директору;

Шалюта Александр Васильевич  — «Каинды-Кант» ачык акционердик коомунун башкы директору;

Ирсалиев Нияз Рахатбекович  — «Тегирменти Гидроэлектростанциялары» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

Кокоев Кайрат Абдилбаитович  — «Кыргыз каганат» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

Капаров Санжар Нуралиевич —  «Кант ТШП» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;

Акаев Канатбек Ергешбаевич — «БАРБОЛ» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты