Бир катар эркин журналисттин Телеграмдагы аккаунтуна чабуул болду
- 6 месяцев мурун
Кыргызстандагы бир катар көз карандысыз медиалардын өкүлдөрүнүн Телеграмдагы жеке аккаунттарына чабуул болду. Бул тууралуу журналисттер Фейсбуктагы жеке баракчаларына жазды.
Бүгүн, 1-февралда саат 10:28де «ПолитКлиника» медиасынын башкы редактору Дилбар Алимованын Телеграмдагы аккаунтуна кирүү аракети болду. Журналисттин айтымында, чабуул койгондор мессенджердеги кодду туура жазышкан. Бирок аккаунт жакшы корголгондуктан андан ары өтө алышкан эмес.
![Бир катар эркин журналисттин Телеграмдагы аккаунтуна чабуул болду](https://pk.kg/wp-content/uploads/2024/02/fireshot-capture-264-1-facebook-www.facebook.com_.jpg)
Govori.tv басылмасынын жетекчиси Кайыргуль Урумканова дагы чабуулга туш болгонун жазып чыкты. Журналист телефонунда эч кандай маалымат сактабай тургандыгын айтып, ансыз деле оюн ачык айтып келе жатканын белгилеген.
![Бир катар эркин журналисттин Телеграмдагы аккаунтуна чабуул болду](https://pk.kg/wp-content/uploads/2024/02/fireshot-capture-265-1-facebook-www.facebook.com_.png)
Ошондой эле, чабуулга «Вести.кж» басылмасынын редактору Гладис Темирчиева дагы кабылды. Ал башка журналисттерге да окшош IP-даректен чабуул болуп жатканын белгилеген.
![Бир катар эркин журналисттин Телеграмдагы аккаунтуна чабуул болду](https://pk.kg/wp-content/uploads/2024/02/fireshot-capture-266-1-facebook-www.facebook.com_.png)