Бир катар акимдерге, мэрлерге сөгүш жарыяланып, айрым жетекчилер кызматынан бошотулду

  • 9 months мурун

Бир катар жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына жана шаар мэрлерине сөгүш жарыяланып, бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндүгүнө, функционалдык милдеттерди аткаруунун деңгээлинин жетишсиздигине байланыштуу,  төмөн баа алган жетекчилердин катарына киргендигинен, жер амнистиясын жүргүзүү боюнча түзүлгөн комиссиянын ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү чечимдерди кабыл алды:

 – Матанбаев Жамшит Кадырович Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими кызматынан бошотулду;

 – Анаркулов Бактибек Кочкорович Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими кызматынан бошотулду.

 Ошондой эле сөгүш алгандар:

 – Жумаев Алайбек Мусаевич – Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими;

 – Бектемиров Келсинбек Базаркулович – Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэри;

 – Самаев Урматбек Обозбекович – Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри.

 Мындан тышкары, эскертүү алгандар:

 – Кулубаев Сейтек Дөлөтбекович – Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими;

 – Ногоев Турусбек Молдобекович – Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими;

 – Тагаев Мураталы Абдыкарович – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими;

 – Жээнбеков Досмамбет Аматович – Талас облусундагы Манас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими.

 Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан кабыл алынган чечимдерге ылайык төмөндөгүлөр ээлеген кызматтарынан бошотулду:

 – Абдугулов Бактыбек Нурбекович – Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысынын – акиминин биринчи орун басары;

 – Баялинова Зина Кадыркуловна – Талас районунун мамлекеттик администрация башчысынын – акиминин орун басары;

 – Сатаров Данияр Сатарович -Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрация башчысынын – акиминин биринчи орун басары;

 – Султангазиева Гулжамал Абалиевна – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрация башчысынын – акиминин орун басары.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты