Бир күндө Жетим-Тоо кенин иштетүүнү колдоп пост жазган айрым журналисттер бүгүн билдирүүлөрүн өчүрүштү

Фейсбук колдонуучусу Кундуз Ажибекова “Бир ууч акча төлөнгөн топ Жетим-Тоону иштетиш керек деп баштады го” деп жазды. 

Бир күндө Жетим-Тоо кенин иштетүүнү колдоп пост жазган айрым журналисттер бүгүн билдирүүлөрүн өчүрүштү

8-апрелде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Азаттыкка» Кумтөрдөн түшкөн киреше башка кендерди иштетүүгө жумшаларын айтып, анын арасында Нарындагы Жетим-Тоо темир кени да бар экенин билдирген.

Кундуз Ажибекованын жазган постунан улам биз 10-августта  Фейсбукта кимдер Жетим-Тоо кени тууралуу пост жазганын издеп көрүп,  бир катар журналисттер аталган кендин иштетилишин колдогон пикирлерин жарыялаганын көрдүк.

Журналист Марат Тагаев Казакстан менен салыштырып, Жетим-Тоону иштетүү керектигин жазган.

Жетим-Тоону иштетели десе ага дагы каршылар чыгып жатат. Казакстанда темир кендер иштеп жатат. Эмне кыргыздын жаны казактардан таттуубу же казактар бизден акылсызбы? Орустар башкарып турганда казалыбы деп сурап дагы коймок эмес. Өзүбүздү сыйлайлы”, — деп жазды ал.

Бир күндө Жетим-Тоо кенин иштетүүнү колдоп пост жазган айрым журналисттер бүгүн билдирүүлөрүн өчүрүштү

Журналист Жазгүл Ибраева каршы чыгуудан мурун Жетим-Тоо боюнча кеңири маалымат топтоо керектигин жазган. 

«Жетим-Тоонун лицензиясы 100 пайыз мамлекеттин колунда экен. Инвесторду аралаштырбастан эле мамлекет өз күчү менен иштетүүгө күчү жетет. 500 жылга жеткидей темирдин запасы бар экен, мүмкүн экономикалык каатчылыктан чыгарып кетчү бирден-бир булактыр.

Билип-билбей, кен казылбасын деген пикирди карманардан мурда, Жетим-Тоо боюнча кеңири маалымат топтошубуз керек экен. Кыргызстан өзүндөгү кен байлыктарын иштете албай, качанкыга чейин карызга батып, башка өлкөлөрдүн эшигин кагып жүрө бермек эле, ойлонуп көрөлү, кенди биз каза албасак, эртеңки муун деле иштетип, мамлекетке пайда алып келчү күн келет”, — деп жазды Жазгүл Ибраева.

Бир күндө Жетим-Тоо кенин иштетүүнү колдоп пост жазган айрым журналисттер бүгүн билдирүүлөрүн өчүрүштү

Жазгүл Ибраеванын бул билдирүүсүнүн алдына журналист Сурат Жылкычиев, Данияр Өсөров колдоп комментарий жазып кеткенин көрүүгө болот.

Бир күндө Жетим-Тоо кенин иштетүүнү колдоп пост жазган айрым журналисттер бүгүн билдирүүлөрүн өчүрүштү

Журналист Сурат Жылкычиев Жетим-Тоону иштеткенге мүмкүнчүлүк берсе, жергиликтүү эл жумуш менен камсыз болорун жазып чыкты.

“Жетим-Тоого тийбейбиз деген мен сыйлаган патриот жарандарыбызга сабыр тилеп, ачуу сөзүңөрдү тишиңердин артына башка учурга кармагыла демекчимин. Биз качанкыга чейин башка элдин көзүн карап, алакан жайып карыз сурай беребиз. Эгер Жетим-Тоону иштеткенге мүмкүнчүлүк берсек, жергиликтүү эл жумуш менен камсыз болот”, — деп жазды Сурат Жылкычиев. 

Бир күндө Жетим-Тоо кенин иштетүүнү колдоп пост жазган айрым журналисттер бүгүн билдирүүлөрүн өчүрүштү

Журналист Сыргак Бактыяров Жетим-Тоону кыргыздар башында туруп иштетсе акырындык менен экономика көтөрүлөт деген оюн жазды. 

“Кумтөрдү” эми алып мугалимдердин, дарыгерлердин, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгын аздан көбөйтө баштады. Бирок айлык көтөрүлгөнү менен база ошол бойдон калууда. Эски техникалары, имараты, компьютери жана башкалары. Жетим-Тоону кыргыздар башында туруп иштетсе акырындык менен экономикабыз көтөрүлсө деген тилек”, — деп жазды Сыргак Бактыяров.

Бир күндө Жетим-Тоо кенин иштетүүнү колдоп пост жазган айрым журналисттер бүгүн билдирүүлөрүн өчүрүштү

Журналист Жыргалбек Бердибеков “Артисбекович (ред. Дастанбек Жумабеков) айткандай: Жетим-Тоону иштетүүдө кемчилигин көрбөй турам. Так анализин айталбай жатасыңар. Иштете берет окшойбуз” — деген пост жазган.

Бир күндө Жетим-Тоо кенин иштетүүнү колдоп пост жазган айрым журналисттер бүгүн билдирүүлөрүн өчүрүштү

“ПолитКлиника” медиасы бир күндө Жетим-Тоонун иштетилишин колдоп жазып чыккан журналисттер менен байланышып, пикирлерин укту.

Сурат Жылкычиев менен Жазгүл Ибраевага телефон чалсак, бир аздан кийин байланышалы деп айтышкан. Андан көп өтпөй Ибраеванын Жетим-Тоо тууралуу Фейсбукка жазган билдирүүсүн таппай калдык. Бирок постту алдын ала сактап калганбыз. Жазгүл Ибраева Жетим-Тоо тууралуу жазган билдирүүсүн эмнеге өчүрүп койгонун айтып берди. 

Мен эч кандай жалданма же кимдир бирөөнүн буйругун аткарып билдирүү жазган эмесмин. Бул жерде Кыргызстандын жараны катары оюмду жазып койгом. Жөн гана пикирим болчу. Ал менин позициямды так билдирбейт.

Коомчулук, кесиптештер ал нерсени туура эмес кабыл алышты. Мен деле белгилүү булактарга таянып жазгам. Мамлекеттин карамагында, Кытайга эч кандай өтпөйт экен деген маанини бергем. Айрым кесиптештер мени бул нерсени колдойт, ачыктан ачык позициясы бар экен деп түшүнүп алышыптыр. Ошол үчүн ал оюмду алып койдум. Себеби, биздин коом ушундай болуп калыптыр, эмне жазсаң эле буюрутма деп түшүнүшөт экен. Ушинте беришча биз өзүбүздүн оюбузду дагы жаза албай калат окшойбуз. Мен ал жерде ачык оюмду билдирген жокмун. Келгиле, кенди казалы деген да эмесмин”, — деди Жазгүл Ибраева.

Андан соң Жазгүл Ибраева бизге байланышып төмөндөгүлөрдү айтты. “Акча маселеси козголо турган болсо, далилдеп беришсин, далилдеп бере алышпаса мен дагы тиешелүү чара колдоном”, — деп билдирди. 

Ал эми Сурат Жылкычиев ошол бойдон телефон чалуубузга жооп берген жок.

Сыргак Бактыяров ар ким өзүнүн оюн жазуу мыйзам ченемдүү эле көрүнүш экенин белгиледи. 

“Силер жазасыңар, биз жазабыз. Ага карама-каршылар болот. Мисалы, силердин деле макалаларыңарга карама-каршылар боло берет го. Бул жерде эч кандай акча төлөп берүү болгон эмес. Ар ким өзүнүн оюн айта берет да. Балким, ошентип жазып аткан активисттер акча ала албай калышкан. Ошондой учурлар бар да негизи. Өмүрү Нарынды, Жетим-Тоону көрбөгөндөр жазган болушу мүмкүн. Биз жергиликтүү элбиз”, — деди Сыргак Бактыяров.

Жыргалбек Бердибеков ар ким ар кандай пикир айта бере турганын билдирди.

“Ар кимиси ар кандай айта беришет да. Негизи баарыбыз эле Жетим-Тоо казылышы керектигин билип турабыз. Экономикага жакшы. Элдин оозунда элек жок да”, — деп жооп берди Бердибеков.

Марат Тагаев каршы болгон тараптар эки айдан бери пикирлерин айтып жатышканын белгиледи. 

“Каршы болгон тараптар эки айдан бери пикирлерин айтып жатышат. Министрлер кабинети болсо казабы же казбайбы позициясын дагы деле айта элек. Бул боюнча мен билгенден Фейсбукта олтурган балдар, кыздар жарандык позициясын, өз ойлорун айтып жатышат. Бирөө акча төлөп бергидей ал эмне экен? Биз ушундай өлкөнүн келечеги боло турган ири долбоорлор боюнча, Кыргызстанда болуп жаткан окуялар тууралуу пикирибизди билдире албай калдык беле?” — деп жооп берди Марат Тагаев.

Жыйынтык: Жетим-Тоо кенин иштетүүнү колдогон бир катар журналисттер бир күндө пост жазганы чындык. Айрымдары бүгүн Жетим-Тоо кенин иштетүүнү колдогон постторун өчүрүштү. Алар  Фейсбук колдонуучусу Кундуз Ажибекованын “Бир ууч акча төлөнгөн топ Жетим-Тоону иштетиш керек деп баштады го” деген билдирүүсүн четке кагып, эч кандай акча алышпаганын айтышты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты