Бир аптада 8 миң 366 бейтаптан сасык тумоо катталды

  • 2 года мурун

Бир аптада 8 миң 366 бейтаптан сасык тумоо катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир жумага карата республика боюнча курч респиратордук вирустук инфекциялар жана сасык тумоого кабылган 8 миң 366 учур катталган. Бул ага чейинки бир аптадагы көрсөткүчкө салыштырганда 0,7% көп.

Сасык тумоонун жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын төмөнкү температуралык шарттарына туруктуулугун эске алуу менен (октябрдан мартка чейинки мезгил) калк арасында ооруга чалдыгуу боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүү улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты