Бир аптада 12 адамдан коронавирус аныкталды
- 1 год мурун
Бир аптада 12 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кыргызстанда 25-апрелден 1-майга чейин СOVID-19 инфекциясынын 12 учуру катталды.
Бир аптада тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.
Муну бөлүшүү