«Бир айыл – бир продукт» долбоору аймактарды өнүктүрүүгө багытталган

  • 2 года мурун

«Бир айыл- бир продукт» долбоору жергиликтүү жамааттардын ишине көңүл бурууга, кирешелүү продукция өндүрүүнү көбөйтүүгө, ал ыкма аркылуу чакан бизнести илгерилетүү моделин жайылтууга жана  өзүн-өзү камсыз кылуучу экосистеманы түзүүгө багытталган.

Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов Бишкектеги радиоуктурууда айтып берди.

Долбоор аймактарда ийгиликтүү ишке ашырылып, продукция популярдуу болуп, чет мамлекеттерге экспорттолуп жатат.  

Долбоорду алдыга жылдыруу максатында 28-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин аппаратынын жетекчиси Акылбек Жапаров Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки башында турган делегация менен жолугушуу өткөргөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты