Биология боюнча эл аралык олимпиадада кыргызстандык 14 окуучу жеңишке жетти

  • 2 года мурун

12-мартта биология боюнча Улуу Британияда өткөн олимпиадада кыргызстандык окуучулар 4 алтын, 5 күмүш жана 5 коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Министрлик тараткан маалыматка ылайык, олимпиадага дүйнө жүзү боюнча 700дөн ашуун мектептен 10 миңден ашуун окуучу катышкан. Кыргызстандан 184 окуучу барып, алардын 14ү байгелүү орунга ээ болду.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

1. Алмазов Алай, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 10-класс – алтын медаль

2. Марат уулу Рахман, И. Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейи, 10-класс – алтын медаль

3. Абдисаматов Нурислам, Жайыл Баатыр атындагы лицей, 10-класс – алтын медаль

4. Жумагулов Бекмырза, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-класс – алтын медаль

5. Момуналиев Арслан, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 10-класс – күмүш медаль

6. Темиралиев Умар, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-класс – күмүш медаль

7. Курманбеков Сагындык, «Сема» Ош лицейи, 11-класс – күмүш медаль

8. Келдибеков Бектемир, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 10-класс –күмүш медаль

9. Гаипов Данияр, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 9-класс – күмүш медаль

10. Жуманалиев Далер, Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейи, 11-класс – коло медаль

11. Карыпжанов Байзак, «Манас-Ата» Талас лицейи, 9-класс – коло медаль

12. Камытов Улукбек, Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-класс – коло медаль

13. Жолдошбеков Илим, М. Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 11-класс – коло медаль

14. Замиров Акылбек, «Кут билим» Ысык-Көл окуу-тарбия комплекси, 11-класс – коло медаль

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты