Билим берүү министрлиги окуучу кыздардын мушташы боюнча билдирүү таратты

  • 8 месяцев мурун

Билим берүү жана илим министрлиги Каракол шаарындагы №11 гимназия мектебинин 8-10-класстарынын окуучу кыздарынын мушташы боюнча билдирүү таратты.

«Окуучу кыздардын мушташы болжолдуу 20-октябрда болгон. Мектепке бул тууралуу маалымат 16-ноябрда түшкөн. Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык окуучу кыздар самбо боюнча кошумча ийримге барышат. Машыгуулар учурунда кыздар түртүшө кетип, өз ара келишпестиктер келип чыккан. Мындан улам кыздар жолугуп, самбодо ким күчтүү экендигин далилдемек болушкан. Бул окуяга байланыштуу окуучу кыздарга алардын ата-энелери менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мындан сырткары соцпедагогдор, класс жетекчилер, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, тренерлер тарабынан тиешелүү иш-аракеттер жасалууда. Учурда кыздардын ортосунда келишпестиктер жок», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты