Билим берүү министрлиги мугалим окуучулардын колуна ийне сайган деген маалымат боюнча билдирүү жасады

  • 9 месяцев мурун

Билим берүү жана илим министрлиги мугалим окуучулардын колуна ийне сайган деген маалымат боюнча билдирүү жасады.

«Билим берүү жана илим министрлиги окуучулардын укугун коргоого алат. Ала-Бука районунун Ак-Коргон айылындагы Ч.Айтматов атындагы №40 жалпы орто билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Г.А. тапшырма аткарбагандыгы үчүн 5-класстын окуучуларынын колуна ийне сайган. Бул окуя 24-октябрда болгон. Учурда бул боюнча Ички иштер министрлигине билдирилип, териштирүү иштери башталгандыгын кабарлайбыз», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты