Билим берүү министрлиги мектеп директорлорун шылуундардан сак болууга чакырды
- 2 года мурун
Билим берүү жана илим министрлиги мектеп директорлорун шылуундардан сак болууга чакырды.
“Соңку кездерде жеке материалдык кызыкчылыктан улам Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жооптуу кызмат адамдарынын атынан телефон чалуулар менен коштолгон алдамчылык фактылары көбөйдү.
Маселен, белгисиз адамдар мектеп директорлоруна телефон чалып, өздөрүн билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары деп тааныштырып, 19 000 сомдон өндүрүп жаткан учур катталды. Ички иштер министрлигине бул факт тууралуу билдирүү жеткирилип, шектүү телефон номери аныктоого берилди.
Ушундан улам министрлик мектеп директорлорун жана райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларын шылуундарга алданып калбоого, жеке каражаттарга жана маалыматтарга өтө сак болууга чакырат”, — деп жазылат маалыматта.
Ошону менен бирге министрлик уюштуруу техникаларын бөлүштүрүп берүүдө аймактык бөлүмдөрүнөн жана жалпы билим берүү уюмдарынан акча каражаттарын талап кылууга жол берилбей тургандыгын билдирет жана шектүү эсептерге же банктык тиркемелерге акча каражаттарын которбоо керектигин эскертет.




