Билим берүү министрлиги: “Кореядан алынган насыяны Алмазбек Исманкуловдун клиникасы төлөшү керек”

  • 2 года мурун
Билим берүү министрлиги: “Кореядан алынган насыяны Алмазбек Исманкуловдун клиникасы төлөшү керек”

“ПолитКлиника” медиасы буга чейин 24 жыл мурун медициналык жабдууларга берилген корей насыясынын айланасындагы талаш Кыргызстанды миллиондогон доллар карызга гана батырбай, андан башка дагы кесепетин тийгизгендигин “Алмазбек Исманкулов аралашкан насыя чыры Кыргызстанды “кара тизмеге” киргизди” аталышындагы иликтөөсүндө аныктап чыккан

Иликтөөгө таянсак, 1997-жылы апрелде КУУнун окумуштуулар кеңеши “медициналык билим берүү программаларын өнүктүрүү, студенттерге жана окутуучуларга медициналык тейлөөнү жакшыртуу үчүн” окуу жайдын алдында “ИнтерГоспиталь” медициналык борборун ачууну чечкен. Аталган борбордун негиздөөчүлөрүнүн бири, “Көздүн микрохирургиясы” клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов “ИнтерГоспиталь” медициналык борборунун жетекчиси болот. 

Аталган борбор Түштүк Кореядан медициналык жабдуулар үчүн 8,5 млн доллар насыя алып, бирок аталган жабдуулар Кыргыз улуттук университетине эмес, Алмазбек Исманкуловдун жеке клиникасына келип түшөт. Бирок алынган насыяны төлөө милдети Кыргыз улуттук университети менен өкмөттүн жоопкерчилигинде калган. Алынган насыя убагында төлөнбөгөндүктөн Кыргызстандын Түштүк Кореянын алдындагы инвестициялык беделине терс таасирин тийгизген. Тагыраагы, Кыргызстан Түштүк Кореядан медицина жаатында насыя ала албай калган. 

Иликтөөнүн жүрүшүндө Алмазбек Исманкулов насыянын үчтөн бир бөлүгүн гана алганын, калганын өкмөттөн сураш керектигин айткан болчу. Иликтөө чыккандан кийин Билим берүү жана илим министрлиги бизге кат жиберип, насыяга келип түшкөн жабдыктардын баары Исманкуловдун клиникасына түшкөнүн билдиришти.

Билим берүү министрлиги: “Кореядан алынган насыяны Алмазбек Исманкуловдун клиникасы төлөшү керек”

“Насыя менен келип түшкөн медициналык жабдыктар Алмазбек Исманкуловдун “Көздүн микрохирургиясы” клиникасына келип түшкөн жана азыр да ошол жакта турат. Насыяны медициналык жабдык түрүндө алуу демилгеси Исманкуловго тиешелүү болгондуктан, насыяны дагы ал төлөшү керек. Кийинки аракеттер соттук териштирүүлөр аркылуу ишке ашат”, — деп жазылат катта. 

Автор: ПолитКлиника

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты