Билим берүү министрлиги Караколдо каза болгон 9-класстын окуучусу боюнча билдирүү жасады

  • 9 месяцев мурун

Билим берүү жана илим министрлиги Караколдо каза болгон 9-класстын окуучусу боюнча билдирүү жасады .

Маалыматка ылайык, Каракол шаарында 9-класстын окуучусу өз өмүрүнө кол салып, каза болгон.

Каракол шаарындагы №1 инновациялык гимназия-мектебинин 9-классынын окуучусу М.Ж. 2023-жылдын 27-октябрында кечки саат 21:00-21:30дар чамасында өз өмүрүнө кол салып, каза болгон.

«27-октябрда каза болгон баланын апасы Н.О. уулун электрондук тамеки менен кармап алып, тамеки тартып жаткандыгын атасына билдирген. Ата-энеси баласына электрондук тамекинин ден соолукка зыяндуулугун айтып, тилдеп койгон. Ата-энесинин айткан сөздөрүн катуу кабыл алган бала өз өмүрүнө кол салган.

Каза болгон баланын апасы Н.К. №1 инновациялык гимназия-мектебинде география сабагынан мугалим жана 9-класстын класс жетекчиси болуп эмгектенет», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты