Билим берүү министрлиги №69 мектептин мугалимдеринин жапырт иштен кетиши боюнча түшүндүрмө берди  

  • 5 дней мурун

Билим берүү жана илим министрлиги Токтогул Сатылганов атындагы №69 жалпы билим берүү мектебинде мугалимдердин иштен кетиши боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин берген маалыматына таянып, төмөндөгүлөрдү билдирди:

«2024-жылдын 2-сентябрынан тартып, Т. Сатылганов атындагы №69 жалпы билим берүү мектебинде ийрим иштеринин 34 жетекчиси жана 9 мугалим өз каалоосу менен иштен бошогон. Азыркы учурда мектеп штаттык режимде иштөөдө жана бош кызмат орундар жок» деди министрлик.

Министрлик ошондой эле Бишкек шаарындагы статусу бар жана аккредитациялык сертификатынын мөөнөтү бүткөн мектептер боюнча маалымат берди:

«Мурда Бишкек шаарында 37 статустуу мектеп бар болчу. 2024-жылдын 1-сентябрына карата статусу бар 11 жалпы билим берүү уюмунун “лицей” жана “гимназия” түрүндө аккредитациялык сертификатынын мөөнөтү бүттү. Ал эми 26 мектепте аккредитациялык сертификаттардын күчү сакталууда (орточо алганда 2028-жылга чейин)» деди.  

Маалыматта айтылгандай, Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы токтомуна ылайык, мектеп-гимназияларда жана мектеп-лицейлерде 15 жана 20 пайызга жогорулатылган ставкалардын жана кызматтык маяналардын өлчөмдөрү сакталат деп белгиленген.

Сүрөт: edu.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты