Билим берүү министринин орун басары болуп Бекжан Супаналиев дайындалды

  • 8 месяцев мурун

Билим берүү жана илим министринин орун басары дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 17-ноябрда Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков башка ишке которулгандыгына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бекжан Супаналиев мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Ошондой эле министрдин мектепке чейинки жана мектептик билим берүү боюнча орун басары Аида Рысбаева кызмат ордунан бошотулду. Министрдин мектепке чейинки жана мектептик билим берүү боюнча орун басары болуп Муратбек Касымалиев дайындалды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты