Билим берүү министри: «Өлкөдө 245 авариялык мектеп бар»

  • 2 года мурун

Өлкөдө 245 авариялык мектеп, ошондой эле капиталдык оңдоого муктаж 498 мектеп бар. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда маалымат жыйында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.

«Быйыл биринчи жолу, социалдык объектилердин Титулдук тизмесине 205 билим берүү объектисинин курулушу кирди. Анын ичинен 160 мектеп, 35 бала бакча, 10 спорт залы бар. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 128 объектке көп. Мектептерди керектүү компьютердик техника менен камсыз кылуу максатында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында, республиканын 1200 мектеби тандалып алынып, 2022-жылдын аягына чейин 25 миң компьютер менен камсыздалат», — дейт ал.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты