Билим берүү министри депутат жардамчысын лицейге директор кылып дайындоону суранганын айтты

  • 2 года мурун

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев депутат Кундузбек Сулайманов жеке жардамчысын Токтогулдагы №39 кесиптик лицейге директор кылып дайындоону суранганын билдирди. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазып чыкты.

Анда депутат иштей албаган министрди беш күн да кармоонун кереги жоктугун айтты.

Мындан улам министр депутат Токтогулдагы №39 кесиптик лицейге директор кылып дайындоону өтүнгөнүн, бул суранычын аткаруудан баш тартып койгондон улам анын сынына кабылып жатканын билдирдт.

Депутат жардамчысын элдин пикирин эске алуу менен сунуш кылганын айтты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты