Билим берүү мекемелеринде жардыруучу зат коюлганы жөнүндө жалган маалымат тараткандар боюнча жыйын өттү

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик ведомстволордун жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен коомдук жайларда жана билим берүү мекемелеринде жардыруучу заттар коюлгандыгы жөнүндө жалган маалымат тараткандар боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Улан Үсөков министрлик тарабынан мындай анонимдүү билдирүүлөргө мамлекеттик органдардын реакциясынын алгоритми көрсөтүлгөн тескеме-инструкция иштелип чыкканын билдирди.

Ошондой эле учурда укук коргоо органдарынын техникалык адистери мындай билдирүүлөрдү таратуунун алгоритмдеринин жана жооп берүү үлгүлөрүнүн схемасы сыналып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, акыркы учурда билим берүү мекемелеринде жана соода борборлорунда жардыруучу зат коюлганы жөнүндө жалган маалыматтар байма-бай түшүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты