Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаганга шектелген жаран кармалды

  • 8 месяцев мурун

Москва шаарында УКМК тарабынан массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз

«Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, өлкөдөн тышкары жүрүп тенденциялуу жана чагымчыл маалыматтарды, анын ичинде массалык баш аламандыкка жана андан кийин бийликти күч менен кулатууга/ басып алууга чакырыктарды жарыялаган Фейсбук социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу – 1986-жылы туулган кыргыз жараны К.Н. мамлекеттик жана мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Н. Орусия аймагынан кармалып, Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинди», — деп жазылат маалыматта.

Учурда соттун санкциясынын негизинде К.Н. 20-ноябрга чейин УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты